Медакадемиянын аппарат жетекчисинин өлүмү боюнча сот өкүмү чыгат

Абдыкерим Гапаров.

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмүнө байланыштуу өкүм чыгарат деп күтүлүүдө.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна адвокат Динара Медетова билдирди. Ал айыпталуучуларга өтө жумшак жаза суралып жатканын белгилеп, тергөөчүнү жети жылга, эки кызматкерди үч жылдан эркинен ажыратууну өтүнүүдө.

Прокуратура тергөөчүнү төрт жылга, ал эми ыкчам кызматкерлерди бир жылга эркинен ажыратып, бирок өтүп кеткен мөөнөттү эске алып ишти кыскартууну сураган.

Гапаровдун өлүмүнө байланыштуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын тергөөчүсү Замирбек Суваналиев кызмат абалынан аша чапкан жана адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип өлүмгө жеткирген деп, ыкчам кызматкерлери Чыңгыз Айманбаев менен Алмаз Мусаев шалаакылыкка жол берген деп айыпталууда.

УКМК Абдыкерим Гапаров 2016-жылы 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөк оорусу кармап каза болгонун жарыялаган. Бирок окуу жайдын жамааты жана маркумдун жакындары аны кармоодо жол-жобо одоно бузулганын, операция учурунда анын иш бөлмөсү ичинен бекитилип, сырттан башкаларды киргизбей коюшканын, ошонун айынан адам өмүрү кыйылганын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылышкан. (KЕ)