Кыргызстандыктар Айтматовду эскеришти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү 12-декабрда Кыргызстанда Адабият күнү. Улуттук жазуучулар бирикмеси бул майрамды "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Чыңгыз Айтматовдун кабырына гүл коюп, рухуна таазим кылуу менен баштаса, окурмандар үчүн жазуучунун үй-музейинин эшиги таң эртеңден ачык болду. Улуттук илимдер академиясынын Айтматов атындагы тил жана адабият институту жазуучунун айкелин ачты.