Айтматов ааламын иликтөө кылымдарга созулат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз элинин тарыхый улуу инсаны Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жалпы искусство тармагына зор таасир тийгизге. Бул феномен кандай иликтенип, кандай бааланып жатат? Айтматовдун “Тоолор кулаганда” аттуу акыркы романын кыргыз тилине которгон жазуучу, котормочу Абибилла Пазылов менен жазуучунун чыгармачылыгына искусствонун тийгизген таасирин иликтеген окумуштуу Разия Сырдыбаева “Азаттык” менен болгон маегинде ушул жагдайга сереп салышты.