Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Жаңы жыл майрамы жана келерки президенттик шайлоо учурунда теракт кылууну пландаган экстремисттик топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.
ФСБнын жетекчиси Александр Бортников 12-декабрдагы жыйында алар борбор азиялыктар экенин жана жанкечти аркылуу террор жасамак болушканын белгиледи. Шектүүлөр 11-декабрда Москвага жакын жерден кармалган. Алардын санын атайын кызматтын жетекчиси тактаган жок.
- ФСБ кызматкерлери жарылма заттарды, атма куралдарды жана ок-дарыны конфискациялашкан. Ошондой эле террордук актыларды ишке ашырыш үчүн курал даярдоого ылайыкташкан лаборатория жок кылынды", - деди Бортников.
Орусиянын коопсуздук кызматы адатта майрамдын же башка бир маанилүү окуялардын алдында теракттын алдын алганын кабарлап турат.