Өмүрбекова: Бабанов сакайса келет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков оппозициянын үнүн угат, ар түрдүү коомдук-саясий күчтөрдү бириктире алат деген үмүт бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү, мурдагы вице-спикер Алтынай Өмүрбекова “Азаттыкка” 2х1 форматында берген интервьюсунда билдирди. Ошондой эле депутат Өмүрбек Бабановдун саясаттагы орду, аялдарга карата саясаттагы тең эмес мамиле, көп аялдуулук маселеси боюнча көз караштары менен бөлүштү.