Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, коалициялык көпчүлүк түзүү маселесин карайт. Шаардык кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, ушул күнү жаңы төрага шайланары күтүлүүдө.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, коалицияга "Республика-Ата-Журттан" башка бардык фракциялар кирет. Ноябрдын этегинде КСДП фракциясы коалициянын форматын өзгөртүү максатында анын курамынан чыгып, “Республика – Ата-Журт” оппозицияда калууну чечкен.

45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешинде беш фракция бар. КСДПга 13, "Республика-Ата Журтка" 12, "Өнүгүү-Прогресске" сегиз, "Мекеним Кыргызстанга" жети, "Кыргызстан" фракциясына беш мандат берилген.

Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. Мурдагы көпчүлүк коалиция КСДП, “Республика - Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн. (КЕ)