Конго Демократиялык Республикасындагы Улуттар Уюмунун базасына жасалган кол салуудан уюмдун бейпилдик күчтөрүнүн 14 өкүлү мерт кетип, элүүдөн ашууну жаракат алды. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун өкүлү 8-декабрда билдирди. Бул Улуттар Уюмунун өкүлдөрүнө жасалган бир топ жылдардан берки эң катуу чабуул болуп калды.
БУУнун маалымат катчысынын орун басары Фархан Хак билдиргендей, жабыркагандардын көбү Танзания мамлекетинен болушкан. Ал ошондой эле кол салгандар коңшу Угандада отурукташкан "Конголук жоокерлер" деген топтун жоочулары экенин жана алардын бешөө да жок кылынганын кошумчалады.
Уюмдун баш катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа мерт кеткендердин жакындарына "Твиттерге" жазган билдирүүсүндө көңүл айтты.
Outraged by the attack against @MONUSCO in #NorthKivu DRC last evening, where a large number of @UN peacekeepers have been killed & wounded. Our thoughts & prayers with families & our colleagues in @MONUSCO. Reinforcements are on scene & medical evacuations by Mission ongoing. pic.twitter.com/l84tFHYKMR
— Jean-Pierre Lacroix (@Lacroix_UN) December 8, 2017
Кол салуу өлкө чыгышындагы Түндүк Киву провинциясында жайгашкан Бени шаарынан 45 чакырым алыстыкта орун алган Улуттар Уюмунун базасына жасалган.
МОНУСКО деп аталган Конго Демократиялык Республикасындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Улуттар Уюмунун миссиясы 1999-жылы түзүлгөн. Анын сайтындагы маалыматка караганда, бул өлкөдөгү миссиянын курамында 21 миңден ашуун киши бар. Алардын катарына аскерлер, полициячылар жана жай тургундар кирет.