Түркияда террорчулукка шектелген тажик жарандары кармалышты

Түркия-Сирия чек арасындагы сириялык качкын аял.

Түркияда Сириядан кайтып келатканы айтылган Тажикстандын он жараны кармалды. Алардын төртөөнө кылмыш иши козголуп, Измир шаарындагы абакка киргизилсе, бир аял жана беш бала Стамбул шаарындагы качкындар лагерине жайгаштырылганы маалым болду. Бул тууралуу камалган жарандардын адвокаты Зиявуддин Алиоглу "Азаттыктын" тажик кызматына 8-декабрда кабарлады. Анын айтымында, кармалгандардын баары террорчулук боюнча шектүү болуп эсептелүүдө.

Алиоглу соңку күндөрү Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин да жарандары ушундай эле шек менен кармалышканын билдирди.

Тажикстандын күч түзүмдөрүнө жакын маалымат булагынын айтымында, Түркияда кармалган жарандар тууралуу өлкөнүн атайын кызматтары кабардар. Маалым болгондой, Измирде камакка алынган төрт жаран террорчулук боюнча шектүүлөрдүн тизмесинде бар болчу, ал тизме быйыл жыл башында түрк бийлигине берилген. Тизмеде дагы эки миңдей жаран бар.

Нью-Йоркто жайгашкан "Soufan Group" аналитикалык компаниясынын баяндамасына ылайык, Тажикстандын 700дөн ашуун жарандары Сирия менен Ирактагы экстремисттик топтордун катарына кошулуп кетишкен. Алардын көбүнүн тагдыры белгисиз.