Британия-ЕБ: Брексит сүйлөшүүсүндө чоң жылыш болду

Еврокомиссиянын жетекчиси Жан Клод Юнкер менен британ өкмөт башчысы Тереза Мэй.

Британия менен Евробиримдик Брексит сүйлөшүүсүндө чоң жылыш жасашканын жарыялашты. Эки тарап Британиянын уюмдан чыгуу шарттары боюнча макулдашууга жетишкенин Еврокомиссиянын жетекчиси Жан Клод Юнкер менен британ өкмөт башчысы Тереза Мэй 8-декабрда кабарлашты. Ага ылайык, Ирландия менен Британиянын ортосунда катаал чек ара тартиби болбойт, Британия менен Евробиримдиктеги эки тараптын жарандарынын укуктары сакталарын Тереза Мэй сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында билдирди:

- Биз Британияда жашаган Евробиримдиктин үч миллиондой жаранынын жана Евробиримдиктин аймагында жашаган Британиянын миллиондон ашык жаранынын укуктарын сактаган келишимге жетиштик. Британияда жашап жаткан шаркеттин жарандары британ мыйзамдарында жазылган укуктарга ээ болушат жана алар мурдагыдай эле шарттарда жашоону уланта беришсе болот.

Бул макулдашуу 14-декабрда Брюсселдеги саммитте колдоо тапса, Брекситтен кийинки соода эрежелери боюнча сүйлөшүүлөр башталмакчы.

Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу боюнча сүйлөшүүлөр 17-июлда Брюсселде башталган.