АКШ менен Орусия Украинага бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүнү талкуулашат

Лавров менен Тиллерсондун мурдагы жолугушуусунан сүрөт. 10-май, 2017-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн бетме-бет сүйлөшүүлөрдө Украинадагы жаңжалды талкуулашат. Министрлер Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) министрлер кеңешинин жыйынына катышууда.

Эки башкы дипломат Украинанын чыгышына БУУнун тынчтык орнотуучу куралдуу контингентин жөнөтүү сунушуна байланышкан пикир келишпестиктерди кеп кылышмакчы. Тараптар миссиянын мандаты боюнча талашып келатышат. Кремль "контингентке Донбасста жүргөн ЕККУнун байкоочуларын кайтаруу укугу берилсин" десе, Батыш "президент Владимир Путин бейпилдик күчтөрүнүн мандатын чектөөнү көздөйт, ок атышууну токтотуу орусиячыл жикчилерге артыкчылык берет" деп тынчсызданат. Тиллерсондун айтымында, Вашингтон ал миссиянын тынчтык орнотууда кошумча ыйгарым укуктары, анын ичинде жикчилерди куралсыздандыруу укугу болушу керек деп эсептейт.

Кечээ АКШнын мамкатчысы НАТОнун баш кеңсесинде болгон кезде “Орусиянын Украинадагы агрессиясы Европадагы коопсуздукка эң чоң коркунуч келтирерин” айткан.

Украинадагы куралдуу жаңжал 2014-жылдан бери 10 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кетти.