Трамптын билдирүүсү дүйнөнүн булуң-бурчунда сынга кабылды

Трамп өз чечимине кол коюп жаткан учуру.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таануу тууралуу чечими дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде сынга кабылды. Бирок айрым саясатчылар чочулап жүргөндөй бул чечим дароо зомбулукка алып келген жок.

6-декабрдагы жарыяны Израил гана “адилет жана тайманбас” деп кубаттады. Ал эми АКШнын Германия, Британия, Сауд Арабиядан баштап Евробиримдикке чейинки өнөктөштөрү бул кадамды айыптап, эми чөлкөмдөгү тынчтык процесси кыйынчылыкка учурай тургандыгын билдиришүүдө.

Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл АРД телеканалындагы интервьюда бул чечим “Израиль менен палестиналыктардын ортосундагы жаңжалдын эскалациясына” алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Палестиналыктар көптөн бери созулуп келаткан жаңжал эки мамлекет түзүү менен аяктаса, чыгыш Иерусалимди өз борбору кылууну көздөп келатышкан.

Палестинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү расмий өкүлү Трамптын жарыясы ошол үмүттү “ойрон” кылды деп билдирди.

Сауд Арабиянын бийлиги Трамптын кадамын "жоопкерчиликсиз" деп сыпаттады.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 8 мүчөсү – негизинен АКШнын шериктери, арасында Британия, Франция, Египет, Италия жана Швеция - бул маселени талкуулаш үчүн 8-декабрда чукул жыйын өткөрүүнү сунуш кылышты.