Премьер-министр Исаков 100 күндүк ишмердиги боюнча маалымат берүүдө

Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттөгү 100 күндүк ишмердиги боюнча журналисттерге маалымат берүүдө. Өкмөт башчы өлкөдөгү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен чай үстүндө баарлашып, суроолоруна жооп берип жатат.

Исаков премьер катары журналисттер менен алгачкы жолу кездешип жатканын жана өлкөдөгү бардык маселелер боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр экенин белгиледи.

"Өкмөт курамында өзгөрүүлөр болобу?" деген суроого Сапар Исаков айрым жыйынтык көрсөтпөгөн орган жетекчилери боюнча чечим кабыл алынарын билдирди. Өкмөт башчы мындай чечимдер парламенттеги фракциялар менен кеңешүүнүн натыйжасында кабыл алынарын кошумчалады.

Сапар Исаков баштаган өкмөт быйыл август айында бекитилген. Курамына жаш кадрлар кирген өкмөттү Исаков "технократтардын өкмөтү болот" деп билдирген. (BkA)