Миң-Кушта нааразылык акциясы өтүүдө

Бүгүнкү акция Миң-Куш айылынын орто мектебинде уланууда

Миң-Кушта көмүр казган ишканаларга каршы нааразылык акциясы өтүп жатат. “Азаттык” радиосунун кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, эки күндөн бери жергиликтүү тургундар Миң-Куш–Чаек унаа жолун тосуп жатышкан, ал эми бүгүн айылдын мектебинде 100дөй адам чогулду.

Алар менен жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жолугушту.

Акцияга чыккандар айылдын жанында көмүр казган компаниялардын ишмердүүлүгүнөн улам жагымсыз жыт чыгып, суу жана аба булганып жатканын айтып даттанышты.

Натыйжада айлана-чөйрөнү коргоо, экотехинспекция, өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлдү. Ал тургундардын талаптары канчалык негиздүү экенин лабораторялык жол менен текшерип чыгат.

Миң-Куштагы көмүр кенин бир нече компания иштетет, алардын айрымдары Кытай менен кошо иштеген компаниялар. (MiK)