Саакашвили Порошенконун кызматтан кетишин талап кылды

Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украинанын президенти Петро Порошенконун кызматтан кетишин талап кылып, аны "саткын" жана "кылмышкер" деп атады.

Ал мындай сөздөрдү Киевдеги парламент имаратынын алдында өтүп жатканда митингде сүйлөп жатып айтты. 5-декабрда Жогорку Раданын алдына чогулган элдин саны ар кандай маалыматтар боюнча бир нече миңге жетти.

-Уюшкан кылмыштуу топ биздин сүйүктүү Украинабыздын бийлигин басып алды. Мен баарын, ар бир чыныгы украиналыкты президенттин кызматтан кетишин талап кылууга чакырам,-деди Саакашвили.

5-декабрда эртең менен Украинанын Коопсуздук кызматы аны бийликти кулатууга аракет жасады деп айыптап кармап кетишкен. Көп өтпөй Саакашвилини тарапташтары Коопсуздук кызматынын автоунаасынын эшигин сындырып, бошотуп алышкан.

Өлкөнүн башкы прокурору Юрий Луценко шейшембиде жасаган билдирүүсүндө Саакашвилинин акцияларын Орусияга качып кеткен Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичге жакын олигарх каржылаганын билдирди.

Саакашвили башында турган "Жаңы күчтөр кыймылы" эки күн мурда Киевде президент Петро Порошенконун импичментин талап кылган чоң митинг өткөрүп, ага миңдеген жарандар чыгышкан.

2004-2013-жылдары Грузиянын президенти болуп турган Саакашвили мекенинде кызматтан кеткенден кийин "төңкөрүш уюштурууга аракеттенген" деп шек саналууда. Бирок ал өзү расмий Тбилисинин мындай дооматтарын четке кагып келатат.

2015-жылы болсо аны Порошенко Одесса облусунун губернатору кылып дайындаганда Грузиянын жарандыгын тапшырган. Бирок былтыр ноябрда мамлекет башчынын өнөктөштөрү анын ишине тоскоолдук кылышканын билдирип, кызматтан баш тарткан. Андан кийин Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан да ажыратып салган.