Кыргызстанда бүгүн ыктыярчылардын күнү белгиленүүдө

Ыктыярчылар

5-декабь Бүткүл дүйнөлүк ыктыярчылардын күнүнө карата Кызыл жарым ай, UN Volunteers, ЮНФПА, “25” Клубу, “Мектеп ыктыярчысы” коомдук фондунда Тынчтык Корпусунда жана KOICA өкүлчүлүктөрүндө бир катар иш-чаралар өтүүдө.

Бишкек шаарындагы Асанбай соода борборунда жармаңке, сүрөт тартуу жана фото сынактар жана башка оюн-зоок, концерттер уюштурулат. Мунун алкагында Кыргызстандагы мыкты делген ыктыярчылар сыйланат. Бул күнү ошондой эле ыктыярчылык менен алектенген уюмдар кары-картаң жана муктаждарга гуманитардык жардам жана кийим-кечектерди жеткиришет, балдар үйлөрүнөн жана башка социалдык үйлөрдөн кабар алышат.

5-декабрь ыктыярчылардын эл аралык күнү катары 1985-жылдан тарта Улуттар Уюмунун Башкы Ассаблеясынын демилгеси менен белгиленип келет. Ыктыярчылар - бардык тармактарда бош убактыларын коомдун пайдасы үчүн өткөргөн адамдар. Ошондой эле Ыктыярчылардын бүткүл дүйнөлүк декларациясында волонтёрлор эч кандай сыйлык, акча күтпөстөн өз талантын, энергиясын тартуулоого укуктуу. (ErN)