Кыргыз кызы кийме кол үчүн 3D-принтер курады

Кыргызстандык Салтанат Алиева жабдыктарын ар дүкөндөн чогултуп, кийме кол (протез) чыгарган 3D-принтер курады. Ал бул тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Салтанат жабдыктардын көбүн интернет дүкөндөрдөн, айрымдарын “Дордой” базарынан тапкан. “3D-принтердин баасы 2500 доллар болгондуктан аны жабдыктардан чогултууну эп көрдүм” дейт ал.

Ал 3D технологиясын өнүктүрүп, келечекте майыптар үчүн кийме кол, буттарды мындан да арзанга басып чыгууга болот деп ишенет.

Салтанат Алиева АКШдагы TechWomen программасынын бүтүрүүчүсү. Учурда ал Кыргыз экономикалык университетинде колдонмо информатика боюнча сабак берет.(UEz)