“Менин саламаттыгым - менин укугум” акциясы өтөт

Бишкектеги чуркоо (архивдик сүрөт)

2-декабрда Дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата Бишкектеги Эльдар Гареев атындагы ботаникалык бакта чуркоо болот.

Акциянын максаты СПИДдин алдын алып, коомду сергек жашоого үгүттөө экенин уюштуруучулар билдиришти.

“Менин саламаттыгым – менин укугум” деген аталыштагы өнөктүктү USAID, Кыргызстандын медициналык ассоциациясы, “Азия бег” чуркоо клубу менен World Class Bishkek уюмдары уюштурууда. Каалоочулар бул акция учурунда ВИЧ оорусуна кан тапшыра алышат. (BCh)