Сурамжылоо: "Кара пиар” президенттик шайлоого таасир этти

Иллюстрациялык сүрөт

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" уюму быйыл Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо боюнча элдин пикирин сураштырды.

Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү (55,6%) “кара пиар” шайлоочулардын тигил же бул талапкерди тандоосуна таасир этти деген пикирин билдиришти. Алардын 34% мындай таасир олуттуу болгонун белгилешти.

Респонденттердин 49% президенттик шайлоо таза жана акыйкат саясий күрөш шартында жүрдү деп эсептешет. Ал эми 37% шайлоо эркин жана демократиялуу өттү деп атоо кыйын деп жооп беришти.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Анда 13 талапкердин ичинен 54,22% менен Сооронбай Жээнбеков утуп чыгып, 24-ноябрда расмий түрдө ишке киришти.

Сурамжылоо телефон аркылуу 20-25-ноябрда жүргүзүлдү. Ага бардык облустардан жана шаарлардан 18 жаштан жогору курактагы 738 адам катышты.

"Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" уюму 1998-жылы негизделген. Ал өлкөдөгү түрдүү саясий процесстерге өз баасын берип келет. (RK)