Таласка өкмөттүн өкүлү дайындалбаганына бир айдан ашты

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орду бир айдан ашуун убакыттан бери бош турат. Мурунку өкүл Дайыр Кенекеев 25-октябрда вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков 4-декабрда өкмөттүн облустагы өкүлү дайындалышы мүмкүн экенин "Азаттыкка" билдирди. Бирок талапкер ким экени маалым эмес.

Өкмөттөн жана облустук администрациядан азырынча комментарий боло элек. (AlS)