Фарид Ниязов президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы кол койгонун 1-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Ниязов мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин да коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеп, 23-ноябрда кызматтан бошотулган.
Президенттик шайлоо учурунда ал азыркы мамлекет башчы, КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген. (SE)