Сириялык оппозициялык топтун жетекчиси Наср ал-Харири Женевада билдирүү жасады.
- Орусия Сириядагы жаңжалды алты айдын ичинде жөнгө салыш үчүн саясий чечим кабыл алуу боюнча президент Башар Асадга басым жасашы керек, – деп айтты ал.
Наср ал-Хариринин айтымында, Орусия жана башка өлкөлөрдүн басымы алдында гана Асаддын режими сүйлөшүү процесстерине катышуусу мүмкүн.
БУУнун колдоосу менен Сирия боюнча сүйлөшүүнүн жаңы айлампасы Женевада 28-ноябрда башталган. Президент Башар Асаддын өкүлдөрү оппозиция менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышканы Женевага бир күндөн кийин, 29-ноябрда барышат. Буга чейин Дамаск режимдин каршылаштары Асаддын кетишин дагы эле талап кылып жатышканын бетке кармап, делегациясын сүйлөшүүлөргө жөнөтүүнү токтото турууну чечкен. Маалыматка караганда, бир катар маселелер, анын ичинде Асаддын кызматтан кетиши талкууланбайт.
Жарандык согуш Сирияда 340 миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйды, миллиондогон адамдар урандыларга айланган өлкөдөн чыгып кетти. (КЕ)