Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШдагы мелдешке катышат

Кыргызстандык жаш хоккейчилер.

Кыргызстандын жаш хоккейчилери АКШнын Чикаго шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу спорттук оюндар боюнча өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык резервдеги мектебинин директору Мэйрхан Аманбеков билдирди.

Анын айтуусунда, мелдеш 9 жаштагы хоккейчилер арасында 1-декабрдан 8-декабрга чейин өтөт.

Кыргызстандын намысын коргош үчүн 15 оюнчу менен бир машыктыруучудан турган команда даярдык көрүп жатат.

- Чикагодо боло турган мелдешке чакыруу сентябрь айында келген. Ошол убактан бери Бишкек шаарынын 9 жашка чейинки командасы шаардык музмайданда даярданып жатат. Ушул кезге чейин мелдешке барарыбыз анык эмес болчу. Бир жума мурда Бишкек шаардык мэриясы 15 оюнчунун жана машыктыруучунун авиабилетин сатып берди. Андан тышкары, шаардык бюджеттен балдардын тамак-ашы үчүн акча бөлүндү, - деди Аманбеков.

Мелдешти өткөргөн тарап жатакананы камсыз кылат. Бул океандын нары жагына барып хоккей ойной турган Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы команда.