Орусиянын экс-министри Улюкаев Сечинди айыптады

Алексей Улюкаев, 26-ноябрь, 2014-жыл

Орусияда мурдагы экономика министри, коррупция жана опузалап акча өндүрүү боюнча күнөөлөнүп жаткан Алексей Улюкаев ак экенин айтып, "Роснефттин" башчысы Игорь Сечинди "тергөөчүлөргө калп айтып жатат" деп айыптады. 27-ноябрда сот отурумунда тараптар иш боюнча далилдерди берип бүтүштү. Сечин күбө катары бир нече жолу чакырылып, бирок бир да жолу сотко барган эмес. Анын адвокаты экс-министрдин дооматтарын четке кагууда.

Улюкаев "Башнефть" компаниясын менчиктештирүү боюнча "терс бүтүм чыгарам" деп Сечинди эч качан коркутпаганын, оң чечим үчүн 2 миллион доллар талап кылбаганын айтты.

Прокуратура экс-министр былтыр ноябрда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Улюкаев ал ишти Сечин жана Коопсуздук кызматы атайын уюштурганын айтып келатат.

Улюкаев үй камагында кармалууда.