Бишкектин мэриясы ата-энелерден акча чогултууга тыюу салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Шаар башкармалыгы "Билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултуу үчүн жетекчилердин жоопкерчилиги жөнүндө" буйрук чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, буйрукта иш-чараларды, майрамдарды өткөрүш үчүн мугалимдер, класс жетекчилер аркылуу окуучулардан акча топтоого тыюу салынган. Мэр Албек Ибраимов акча чогултуу үчүн ар бир директор жооп берерин эскертти.

"Маселени иликтөөдө мектептер ата-энелер гана эмес, демөөрчүлөр тарабынан да кошумча каржылоого чындап муктаж экени ачыкка чыкты. Бирок мектептердин муктаждыктарын камсыз кылуу толугу менен ата-энелердин мойнуна илинбеши керек", деп жазылган мэрия тараткан маалыматта.

Буга чейин Тынчтык инновациялар боюнча Булан институту "Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу муктаждыкпы же коррупциябы?" деп аталган баяндамасын жарыялаган. Анда акыркы жылдары айрыкча шаар мектептеринде билим алган балдардын ата-энелеринин арасында нааразылык күч алганы айтылат. Ошондой эле Бишкектеги мектептерде акча чогултуу өзгөчө көп экени, алардын Камкордук кеңешинин алдындагы коомдук фондго, имаратты оңдоп-түзөөгө, класстык куржунга деген түрлөрү бар экени белгиленет.

Кыргызстанда 2236 орто мектеп бар, аларда 1 миллион 73 миң окуучу билим алууда. (NT)