Европа Кеңеши Орусияга Украинага байланыштуу киргизилген санкцияларын алып салуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу кеңештин баш катчысы Турбьёрн Ягланд Financial Times британ басылмасына билдирди. Ал Европа Кеңешинин негизги мандаты - Орусияда болобу, Крымда болобу, адам укуктарын коргоо экенин белгилеген.
Расмий Москва 2015-жылы ажырап калган Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясында добуш берүү укугун калыбына келтирүүнү талап кылып келет. Ягланд эгер бул укук берилбесе Орусия уюмдан чыгып кетиши ыктымал экендигин жана бул адам укуктарын коргоо жагына терс таасир этээрин белгилеген. Ал Орусияга карата санкцияларды алып салуу маселесин кароо – Крымдын аннексиясын кабыл алуу эмес экенин кошумчалаган.
Европа Биримдиги Орусиянын Крымды аннексиялап алганы жана Чыгыш Украинага карата саясаты үчүн ага каршы санкцияларды киргизген. Москва санкцияга санкция менен жооп берип, Европа Биримдигинен азык-түлүк импорттоого чектөө койгон болчу. Санкциялардын мөөнөтү алты ай сайын узарып турат. (КЕ)