Кубада Фидель Кастрону эскеришти

Кубада бир жыл мурун кайтыш болгон мамлекеттик лидер Фидель Кастро эскерилүүдө. Иш-чара Кастро бир канча жолу билдирүү жасаган Гавана университетинде өтүп жатат. Коммунист жаштар бирикмеси маркумдун урматына "саясий-маданий кече" уюштурушту.

Кубаны 48 жыл башкарган Фидель Кастро 2016-жылдын 25-ноябрында 90 жашында көз жумган.