АКШ Мамдепартаменти президент Жээнбековду куттуктады

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти 24-ноябрда тараткан билдирүүсүндө Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматка расмий киришүүсү менен куттуктады.

Билдирүүдө Кыргызстанда Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхында тынч, демократиялык жол менен бийликти өткөрүп берүү "прецеденти болгону" баса белгиленген.

“Кошмо Штаттар президент Жээнбековду жана кыргыз элин ачык жана таза шайлоо аркылуу Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхында биринчи ирет демократиялык жол менен шайланган лидерлердин ортосунда бийликтин тынч жол менен өткөрүлүүсүн кубаттайт" - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле билдирүүдө Вашингтон жаңы шайланган президент жана анын администрациясы менен кызматташууга ниеттенип турганы жазылган.