Билим берүүгө арналган өмүр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Муратбек Субакожоев Кыргызстан эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдарында Теңир-Тоо дубаныда билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, Нарында бир катар окуу жайлардын, анын ичинде кыргыз-түрк “Сапат” билим берүү мектебинин ачылышына чоң салым кошкондордун бири. 1991-1996-жылдары Нарын облустук элге билим берүү бөлүмүн жетектеген агартуучу Муратбек Субакожоев 39 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Быйыл анын 60 жылдыгын белгилеген санаалаштары, жакындары билим берүү тармагына кошкон опол-тоодой эмгегин эскеришти.