Отунбаева: Жээнбеков өз жолун тандашы керек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча саясат жүргүзүп, буга чейин кетирилген кемчиликтерди жөнгө салышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Отунбаева жаңы президенттин ант берүү аземине чакырылбаганын себептерин, Кыргызстан ички жана тышкы саясатындагы абал боюнча пикири менен бөлүштү.