Токмок шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кеткендер табыла элек. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесине ылайык ("Кишини коркунуч абалында калтыруу") кылмыш иши козголду. Азыр анын ата-энесин издөө уланып жатат.
Кийинчерээк милиция наристенин салмагы 3 килограмм 400 грамм экенин, аны учурда шаардык төрөткананын атайын жайында медициналык кызматкерлер карап жатышканын билдирген. Ымыркай 21-ноябрда жарык дүйнөгө келгени белгилүү болгон. Ташталгандан кийин 3-4 саат суукта жатып калган. Азыр баланын абалы канааттандырарлык. (NT)