Мамлекеттик сыйлыктар ээсин таптыбы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кызматынан кетип жатып экс-президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда 154 жаранга мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Жарлыкта сыйлыктар өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн берилип жатканы айтылат. Бирок алардын арасында мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлыктар өң тааныш, президенттин өзүнө гана кызмат кылган адамдарга да берилгени коомчулукта, социалдык тармактарда кызуу талкууланды. “Арай көз чарай” талкуусун Канымгүл Элкеева алып барды.