Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкектеги инаугурация учурунда улутчулдукка жана жердешчиликке, бөлүнүүгө каршы экенин билдирди. Ал башкаруу системасында мындай көрүнүштөргө жол бербей турганын убада берди:
- Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Бизде улут-улутка бөлүнүүгө, жердешчиликке жол берилбеши керек. Мен улутчулдукка, жердешчиликке, трайбализм менен уруу-урууга бөлүнүүгө караманча каршымын! Башкаруу системасында булардын орун алышына жол бербейм. Бүгүнкү берген антым – өлкөмө жана Кыргызстанды эгемен, демократиялык, укуктук, светтик, унитардык жана социалдык мамлекет катары сыпаттаган анын Конституциясына берилгендигимди билдирген ант болуп саналат.
Мурдагы премьер-министр, бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 54,22% добуш менен жеңип чыккан.
Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи жолу өлкөдө президент тынч жол менен алмашты. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген. (NT)