Түркия офшор аймактардын "кара тизмесине" кириши мүмкүн

Евробиримдик жыл аягына чейин Түркияны офшор аймактардын "кара тизмесине" киргизиши ыктымал. Бул тууралуу "Bloomberg" сайты ишенимдүү маалымат булактарына таянып билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, Евробиримдиктин атайын жумушчу тобу Анкара жеңилдетилген салык режими менен күрөшүн ачык жүргүзө алган жок деп эсептейт. Мунун негизинде жумушчу топ биримдиктин Каржы министрлигине Түркияны кара тизмеге 5-декабрда киргизүүнү сунуш кылган, деп жазды "Bloomberg".

Эгер Түркия салык режими боюнча кошумча милдеттенмелерин каржы министрлери жолукканга чейин сунуш кылса, кырдаалга таасир эте алышы мүмкүн.

Агенттиктин булактары "кара тизмег"е кирген өлкөлөр үчүн кандай санкциялар колдонулары азырынча белгисиз экенин маалымдашкан.
Түркиядан тышкары бул кара тизмеге 36 өлкө кириши мүмкүн. Евробиримдиктин жумушчу тобу 92 өлкөдө мониторинг жүргүзөт.