Сирия оппозициясы Асаддын бийликтен кетишин талап кылууда

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр жана БУУнун Стеффан де Мистура Эр-Риядда.

Оппозиция "Башар Асад өлкөдө өткөөл мезгил башталганга чейин кызматтан кетсин" деген талап койду. Бул тууралуу оппозиция өкүлдөрүнүн Эр-Рияддагы жолугушуусунда кабыл алынган билдирүүдө айтылат.

DPA агенттигинин маалыматы боюнча, документте мына ушундай туруктуулук жана коопсуздук шартында гана саясий өнүгүү болору белгиленген.

Сирия оппозициясынын өкүлдөрү Эр-Риядга Сауд Арабиянын жетекчилигинин чакыруусу менен чогулган. Алар Асаддын жана Улуттар Уюмунун демилгеси аркылуу Женевада сүйлөшүү үчүн жалпы позиция түзүү боюнча иштеп жатышат.

Сириянын азыркы өкмөтү менен оппозициянын Женевадагы жолугушуусу 28-ноябрда болот. Аны БУУнун Сирия боюнча өкүлү Стаффан де Мистура уюштурууда.

Сирия оппозициясынын көпчүлүк бөлүгү кийинки президент тууралуу маселе шайлоодо чечилиши керек деп эсептейт. Алар "Асад аскер кылмышкери катары кайрадан мамлекет башчылыгына шайланууга укугу жок" деп айтып жатышат.

Орусия, Түркия жана Иран Женевадагы жолугушууга катарлаш эле Сирия элдеринин конгрессин уюштурууну пландаштырышууда. Бул тууралуу келишимге бир күн мурун үч өлкөнүн лидерлери Сочидеги жолугушууда кол коюшкан. Орусия менен Иран президент Асаддын режимин колдошот.