Орус-казак чек арасындагы Аксарайск бекетинде эки аптадан ашуун кармалып турган 100дөн ашуун тажикстандык мигранттын 17си 22-ноябрдын кечинде поезд менен Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүгө келди. "Тажикстан темир жолдору" ишканасы маалымдагандай, учурда Аксарайскта дагы 29 мигрант калды.
Жалпысынан 2-6-ноябрь күндөрү Москвадан Дүйшөмбүгө жана Хожентке бараткан поезддерден орус чек арачылары 200дөн ашуун мигрантты түшүрүшкөн. Буга Орусиядан депортацияланган борбор азиялыктар миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөй кетип баратышканы себеп болгон. Алардын арасында Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандары да бар экени айтылууда.