Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков кызматтан бошотулду. Бул тууралуу 23-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Кызматтан алуунун расмий себеби көрсөтүлгөн жок.
Казаков бул кызматка быйыл жыл башында дайындалган. (BkA)