Президенттин колунан сыйлык алгандар

"Элдик сакчы" уюмунун жетекчиси, мамлекеттик "Дан" ишканасынын башкы директору Алга Кылычев президенттин колунан Ардак грамота алды. 
 

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен Алмазбек Атамбаев. Өмүркулов “Даңк” ордени менен сыйланды. 

"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен Алмазбек Атамбаев. “Бир болдун” лидери Алтынбек Сулайманов "Достук" орденин алды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Курманжан Датка" сыйлыгын алды. Мындан сырткары БШКнын дагы төрт мүчөсү “Даңк” ордени баштаган мамлекеттик сыйлыктарга татыган.

Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов да “Манас” орденин алды. 

“Манас” орденин алган президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Фарид Ниязов президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген.

Буга чейин мамлекеттик сыйлык алгандарга көп артыкчылыктар каралган. Маселен, эки же андан көп мамлекеттик сыйлыгы бар адамдар персоналдык пенсияга чыгууга укук алчу. 2015-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул артыкчылыктар алынып салынган. Бирок айрым сыйлык, наам ээлерине айлыгына 2500 сомдон 5000 сомго чейинки кошумча каражаттар каралган.

Сыйлык алгандардын арасында Ырыскелди Осмонкулов баштаган маданият өкүлдөрү да бар. 

Мамлекеттик наам алгандардын арасында комдук ишмерлер, саясатчылар, депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер, маданият өкүлдөрү жана карапайым адамдар бар. Ырчы Гүлзинат Суранчиева сыйлык алгандардын катарында. 

"Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" мыйзам 1996-жылы кабыл алынган. 2012-жылы сыйлыктарды берүүгө мораторий жарыяланып, кийин бул чектөө алынып салынган.

Сыйлык алгандар.