Полиция Али Ферузду качкындардын убактылуу жайынан алып кетти

Али Феруз.

Өзбек журналисти Али Ферузду шейшемби күнү кечинде полиция кызматкерлери чет элдик жарандарды кармоо борборунан алып кетишти. Ал "Новая газетадагы" кесиптештерине аны Москванын Басман сотуна алып барышарын айткан. Полициячылар журналистке административдик тартип бузганы тууралуу протоколду көрсөтүшкөн.

Басылма полициянын бул аракетин Феруздун жумушка орношконун текшерүү менен байланыштырууда. 16-ноябрда гезиттин редакциясына миграция маселелери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери келишкен. Алар чет элдик жарандарды ишке алуу тартиптерин текшеришип, бирок мыйзам бузулган фактыларды табышкан эмес.

Быйыл август айынын башында Али Феруз "миграциялык мыйзамдарды бузду" деген кине менен Москвада кармалган. Кийин Орусиянын доо арыздарды караган соту аны Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтоткон.

Укук коргоочулар, журналисттер жана Феруздун туугандары ал Өзбекстанда кыйноого кабылып, абакка камалышы, ал тургай өмүрүнө да коркунуч келиши мүмкүн экендигин айтышууда.

Журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча, анын депортациялоо токтотулган. Ага чейин Феруз Орусиядагы качкындардын убактылуу жайында болушу керек.