Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе бийликти тынч жол менен өткөрүүгө жол ачыш үчүн кызматынан дароо жана өз ыктыяры менен бийликтен кетип жатканын билдирди. Анын парламентке жиберилди деп соз болгон катын 21-ноябрда парламент спикери Жейкоб Муденда окуп берди:
“Мен, Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе, Конституциянын 96-беренесине ылайык кызматтан кеткенимди жарылайм. Ал дароо күчүнө кирүүдө”.
Бул кабарды парламент депутаттары кол чабуу менен кабыл алышты.
Мыйзам чыгаруучулар өлкөнү 37 жылдан бери башкарып келаткан 93 жаштагы Мугабеге импичмент жарылоону караштырып жатышкан.
Импичментке президенттин “өз жубайына конституциялык бийликти узурпациялоого жол берген”, “жашы улгайгандыктан өлкөнү жетектей албай калды" деген негиздемелер да киргизилген.
Мугабенин кызматтан кетишин борбор шаар Хараренин тургундары да кубануу менен кабыл алышты. Мугабе бийликте турган кезде Зимбабве Африкадагы адам укуктары одоно бузулган мамлекеттердин бири болуп келген.
Өткөн аптанын башында аскерлер бийликти басып алып, президент Роберт Мугабени үй камагына алышкан. Анын алдында вице-президент Эммерсон Мнангагва кызматынан кетирилип, ордуна Мугабенин 53 жаштагы аялы Грэйс дайындалган.