HRW: Орусияда "Чет өлкөлүк агенттердин" тизмесиндеги экологиялык топтор жабылууда

Орусиянын Мамдумасы. 15-ноябрь, 2017-жыл.

Орусиянын Мамдумасы. 15-ноябрь, 2017-жыл.

Орусияда 5 жылдан бери иштеп жаткан “Чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзам экология маселелери менен алектенген бейөкмөт уюмдар үчүн алааматка айланды. Бул жөнүндө "Human Rights Watch" (HRW) уюмунун билдирүүсүндө айтылат.

"Бери дегенде 14 экологиялык уюм өздөрү жабылган же ишин толугу менен токтоткон. Жобо иш жүзүндө “чет өлкөлүк агенттерди” тыңчыларга жана саткындарга теңейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Укук коргоочулардын айтымында, Орусиянын Юстиция министрлигинин тизмесине киргизилген 150дөн ашуун уюмдун 29у экологиялык топтор.

2012-жылы кабыл алынган бул мыйзам чет элден каржыланган жана саясий иш менен алектенген бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк агент” катары каттоодон өтүүгө милдеттендирет. Экологдор бул аныктамага дал келбегени менен, иш жүзүндө алар да Юстиция министрлигинин реестрине киргизилген.

HRW уюмунун өкүлү Ричард Пирсхауз “министрлик ошол тизмени натыйжалуу иштеп жаткан экологиялык топторго каршы жазалоочу машина катары пайдаланууда” дейт.

Жакында орусиялык депутаттар чет жактардан каржыланган маалымат каражаттарын да “чет өлкөлүк агент” деп катталууга милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуш кылышты.