Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды

Текебаев менен Чотонов быйыл жазында кармалган.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмү күчүндө калтырылды.

Мындай чечим бүгүн Жогорку Сотто кабыл алынды.

Бардык жактоочулардын өтүнүчтөрү канааттандырылган жок, болгону мунапыстын негиздемеси гана өзгөртүлдү, бирок анын мазмуну ошо бойдон калды. Болгону өкүмдөгү "2014-жылдын 27-январындагы чыккан «Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына мунапыс жөнүндө мыйзамы" деген сөздөр "2011-жылдын 19-июлундагы “КРнын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” деп алмаштырылды.

Баштапкы өкүмгө ылайык, Текебаев менен Чотоновдун жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бирге кыскарат. Тергөө абагында алдын ала өтөгөн жаза мөөнөтү эки күндөн эсептелет. Ошентип алардын кыскарган жаза мөөнөтү 4,5 жылды түзөт.

Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн чыккан райондук, шаардык соттун буга чейинки өкүмдөрүнө нааразы болуп, алардын адвокаттары Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылышкан. Көзөмөл арызды айыптоочу тарап да жазган.

20-ноябрда башталган жараянга Текебаев менен Чотонов катыштырылган жок. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекованын соттолуучуларды отурумга катыштыруу тууралуу өтүнүчүн канааттандыруудан соттук коллегия“ аларды катыштырууга негиз жок” деген жүйө менен баш тартты.

Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү чечимин чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген.

Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

Октябрдын ортосунда Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Текебаев Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери болчу. 2-ноябрда Боршайком аны депутаттык мандаттан ажыраткан. (TSh)