Жапонияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат

“Кыргыз көчмөн дүйнөсү” жумалыгынан тартылган сүрөттөр.

Кыргызстан менен Жапониянын кызматташтык мамилесинин 25 жылдыгына арналган кыргыз маданий жумалыгы Токиодо өтүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

“Кыргыз көчмөн дүйнөсү” деп аталган жумалыктын алкагында жапон эли "Ордо сахна" фольклордук тобунун жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулованын аткаруусундагы кыргыз музыкасына, Эркин Болжуровдун "Кийиз дүйнө - Көчмөн руху" аттуу фотокөргөзмөсүнө, кыргыз аялзатынын улуттук кийимдерине, кол өнөрчүлүгүнө күбө болушту. Манасчы Камил Мамадалиев конокторго "Манас" айтып берди. Концертке Жапониянын бир катар аткаминерлери, Бангладеш, Беларусь, Катар өлкөлөрүнүн элчилери жана Токионун тургундары да келишти.

Маданий иш-чараны Жапониядагы элчилик жана "Жибек жолунун Ак Конушу" долбоорунун жетекчиси Гүлжан Иреш уюштурушту.

25 жылдыкка арналган иш-чаранын демөөрчүлөрү Кристенсен фонду, Токиодогу Минато Сити мэриясы, Мин-он концерттик ассоциациясы, ж.б. жапон компаниялары болушту.

19-ноябрда башталган кыргыз маданий жумалыгы Токио шаарында 25-ноябрга чейин уланат. (ErN)