Бишкекте режиссер аялдардын II Кинофорумуна даярдык башталды

Жаш режиссер Асел Жураева.

Кинофорумга каалаган режиссер жана сценарист кыз-келиндер катыша алат, бул үчүн арыздар 1-декабрга чейин кабыл алынат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан «Азия чыгармачыл айымдары» фондунун өкүлү Мээрим Догдурбекова "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Форум эки күн болот. Ага тажрыйбалуу, белгилүү режиссерлор, сценаристтер катышат. Биринчи күнү талкуулар болот, экинчи күнү форумга кабыл алынган режиссер аялдардын тасмалары көрсөтүлөт.

Догдурбекованын маалыматы боюнча, форумдун максаты - Кыргызстандагы режиссёр-айымдарга колдоо көрсөтүү, алардын өз ара пикир алышуусуна шарт түзүү, дем берип, шыктандыруу, тартылган тасмаларды, эмгектерди жарыялоо, жаш режиссерлорду таанытуу.

Мындан тышкары форум өлкөдөгү гендердик маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктары бузулуп жатканын тасмалар менен чагылдырууну максат кылат.

Кыргыз режиссер айымдарынын I Кинофоруму былтыр болгон.(ZKo)