"Жаңжалды иликтөө тобу" - "Conflict Intelligence Team" (CIT) аттуу иликтөө тобу "Сирияда президент Асаддын аскерлери тыюу салынган кассеталык бомба колдонду" деп жарыялады. Маалыматтар боюнча, армияны бул курал-жарактар менен Орусия жабдыган болушу мүмкүн.
"Conflict Intelligence Teamдин" Сириядагы "ак туулгачандар (каскалар)" деп аталган жарандык коргонуу аскерлерине таянып билдиргени боюнча, 20-ноябрда бомба кутучаларын таштоонун (кассеталык бомбалоонун) айынан өлкөнүн Чыгыш Гута оазисинде төрт киши өлгөн, арасында жаш бала бар. Дагы 59 киши жарадар болгон.
Акыркы жумада бул аймактагы бомбалоонун курмандыктары 70тен ашты. Иликтөө тобу Асаддын аскерлери СССРде колдонулган З-О-8 бомба кутучаларын колдонушканын белгилеп, мындай бомбалар Орусия Сириядагы согушка аралашкандан кийин пайда болгонун ырастоодо.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Орусияны "Сириядагы согушта тыюу салынган курал-жарактарды пайдаланды" деп бир нече жолу айыпташкан. Кремл болсо, бир катар далилдерге карабай, муну жокко чыгарууда.
2008-жылы 3-декабрда кассеталык бомбаны колдонууга тыюу салуу боюнча документке 93 өлкө кол койгон. Бүгүнкү күнү куралдын бул түрүнө каршы өлкөлөр саны 108ге жетти.
Бирок бомба кутучалары деп аталган жана ичине 100гэ чейин жардыргыч заттарды сыйдырган ири бомбаларды чыгарууга каршы келишимге АКШ, Орусия, Кытай кол койгон эмес. Ошондой эле куралдын бул түрүнө каршы эмес экенин Индия, Пакистан, Бразилия, Израил жана Түштүк Корея да билдирген.