Мигрант аял: кайтууга мезгил жетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Анара Карабаева Ноокатта төрөлүп, ошол жерде түтүн булаткан. Жумушсуздук жылуу очогун таштап, Казакстандын Жамбыл облусундагы Тараз шаарында тирилик кылууга мажбур кылган. Жыйырма жылдан бери базарда туруп, ысык-суугуна чыдап, акча тапканы менен өз жерине кайтуу керек деген ой жүрөгүн эзет. Анткени, чет жерде тарбияланган балдарынын башка тилде сүйлөй калышканы жүрөгүн тилип кеткенсийт.