Кыргызстан Тажикстан менен чек ара такталбай жатышына тажик тарапты айыптады

Кыргыз-тажик чек арасы.

«Эгер Рахмонго (Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. - Ред.) "кеңеш" берип коюшпаса, Тажикстан менен чек арабыз толук такталып бүтмөк», - деп билдирди бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын жарымы каралып бүткөн. «Биз калган 50 пайызын карап чыгууга даяр болчубуз, бирок бир гана шарт менен – "экинчи жарымы биринчи бөлүгүнун шарты боюнча эле каралышы керек" дегенбиз. Тажикстандын президентине "калган тилкелерди башка принциптер менен карап чыгыш керек" деп "кеңеш" беришпесе ошондой эле болмок», - деди Атамбаев.

«Костюмдун бир жеңи башка, экинчи жеңи башка түстө болуп калабы? Бул туура эмес. "1925-1926-жылдардагы документтерге негизделиши керек" деп айта башташты. Анда мен 1923-1924-жылдардагы, Тажикстан жок кездеги документтерди кароону сунуш кылдым», - деп кошумчалады Атамбаев.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара тилкесинин жалпы узундугу 971 чакырым, анын 471 чакырымы талаштуу бойдон калууда. (AKu/RK)