Сигналды укпаган кишини поезд тебелеп кетти

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы. Иллюстрация.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди. Анын айтымында, окуя 20-ноябрга караган түнү саат 01:00дө Бишкек шаарында катталган. “Бишкек I – Бишкек II” багытында бараткан поезддин машинисти 3779-чакырымга жеткенде темир жолдо белгисиз бирөө баратканын көргөн. Машинист эскертүүчү сигналды бир нече жолу бергенине карабастан, ал киши жолдон чыккан эмес. Машинист тормозду тепкенине карабай, поезд аны тебелеп кеткен. Жабыркаган киши кырсык болгон жерде каза болгон.

Алдын ала-маалыматтар боюнча курман болгон киши кулакчын тагынып бараткан. Ал телефондо сүйлөшүп же музыка угуп бараткан деп божомолдонуп жатат.

Маркумдун аты-жөнү аныктала элек. Учурда бул ишти ИИМдин темир жол транспорту боюнча милиция бөлүмү иликтөөдө.

Куду ушундай эле окуя 17-октябрда Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн темир жол менен кесилишинде орун алган. Анда да жүк ташуучу поезд кулакчын тагып, музыка угуп бараткан 18 жаштагы жигитти тебелеп кеткен.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын темир жолдорунда жыл башынан бери адам өмүрүн алган 29 учур катталды. Мунун баарына темир жолдо бараткан жарандар качпай койгону себеп болуп келет. Адистердин айтымында, поезддин тормозун тепкенден кийин поезд 500-800 метрден кийин гана токтойт. (ErN)