Араб Лигасы Ирандын аракеттерин талкуулап жатат

Ливандын өкмөт башчысы Саад Харири. 16.11.17.

Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Каирдеги чукул жыйында Ирандын соңку аракеттерин талкуулашууда. Араб Лигасынын жыйыны суннийлер башкарган Сауд Арабиясы менен шийи Ирандын ортосунда Йемен жана Ливанга байланыштуу чыңалуу күчөп жаткан кезде өтүүдө.

Эр-Рияд жолугушуу жөнүндөгү кайрылуусунда: “Иран араб чөлкөмүндө мыйзам бузуулары менен... дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздуккка көлөккө түшүрүүдө”, - деп белгиледи. Бул тууралуу АФП агенттиги жазат.

4-ноябрда Ливандын премьер-министри Саад Харири Сауд Арабияда жүргөн жеринен кызматынан кетээрин жарыялаган. Ал Ислам жумурияты, Тегеран колдогон Хезболла тобу араб өлкөлөрүнө, анын ичинде Ливандагы иштерге кийлигишип жатат деп айыптаган.

Ливан өкмөтүнүн курамына кирген Хезболла - президент Мишел Аундун өнөктөшү. Президент өз кезегинде премьердин кызматтан кетүү арызын кабыл алуудан баш тартып, эр-Риядды Харирини барымтада кармап жатат деп айыптаган. Сауд Арабия бийлиги жана премьер Харири муну четке кагышууда.