Ылайды искусствого айланткан сүрөтчү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов белгилүү актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жана кинорежиссер Төлөмүш Океевдин портретин топурактын (ылайдын) жардамы менен тартты. Автор бул эмгектерин 17-ноябрь - кыргыз киносунун күнүнө арнады. Сүрөтчү буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин жана акын Токтогул Сатылгановдун портретин өзгөчө ыкма менен тарткан. Ал 2014-жылы экранга чыккан «Аку» мультипликациялык тасмасынын автору катары да белгилүү. Сүрөтчүнүн быйыл жараткан эмгектеринин катарында манасчы Саякбай Каралаевдин айран менен тартылган сүрөтү да бар.