Караколдо медколлеждин маркум директорунун жакындары митингге чыгышты

Медколлеждин маркум директорунун жакындарынын митинги, Каракол шаары.

Каракол шаарынын сотунун алдында медколлеждин мурунку жетекчиси, маркум Анарбүбү Абсалиеванын туугандары 17-ноябрда нааразылык акциясына чыгышты. Алар Абсалиеванын өлүмү боюнча айыпталган Раушан Муканбетованын акталышына каршылык билдирип, муну соттогу жемкорлукка байланыштырышты.

Нааразы тараптагылар ишти кайра тергөөгө жиберүүнү талап кылып, облустук сотко, Жогорку Сотко жана президентке чейин кайрылуу жөнөтүшөөрүн билдиришти.

15-ноябрь күнү директордун өлүмүнө шектелген медколлеждин эсепчиси Раушан Муканбетованы Каракол шаардык соту Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча актап, экономикалык кылмыш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал медколлежге таандык 200 миң сомду өз кызыкчылыгына колдонгон деген негизде 6 жылга эркинен ажыратылган. Жаза мөөнөтүн ал 12 жаштагы баласы 14 жашка толгондо өтөөрү айтылган.

Караколдогу Иса Ахунбаев атындагы медициналык коллеждин жетекчиси Анарбүбү Абсалиева 2016-жылдын 17-ноябрында 23 жолу денесине бычак сайылып, өз үйүндө киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары ошол эле окуу жайдын эсепчиси Раушан Муканбетова кармалып, тергөөдө шектүү жаран кылмышты мойнуна алгандыгы кабарланган. (AsM)